• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков УКМК кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 20.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков улуттук коопсуздук тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук орган кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдиргендей, куттуктоодо төмөнкүдөй айтылат:

«Урматтуу улуттук коопсуздук орган кызматкерлери! Кымбаттуу ардагерлер!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Улуттук коопсуздук орган кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм.
Учурда жалпы дүйнөдө, айрыкча Борбордук Азия чөлкөмүндө түзүлгөн абал Сиздерден республиканын, конституциялык түзүлүштүн жана өлкөнүн бүтүндүгүн камсыз кылууда, өзгөчө эл аралык терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүүдө жогорку жоопкерчиликти, эрктүүлүктү жана чечкиндүүлүктү көрсөтүүңүздөрдү талап кылууда.
Кыргызстанга берилгендик менен кызмат кылуу салты Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин ардагерлери тарабынан бекем түптөлгөн. Ар бир кызматкер чындык үчүн ар-намыстуулукта сыймык менен кызмат өтөп, өлкөнү татаал кырдаалдардан чыгарган. Ошону менен бирге өлкөнүн улуттук коопсуздук органдарынын түптөлүшүндө тарыхта жаркын барактарды калтырышты. Ардагерлер өздөрүнүн бай тажрыйбасын жаш кадрларга берип, аларды кайраттуу жана чыдамдуу болууга үндөп, түйшүктүү, бирок ардактуу кесиптин ээси болууга чакырып келишет.
Ушул майрам күнү баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана Кыргызстаныбыздын гүлдөп өсүшүнө багытталган тынымы жок ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм».

Пикир

Оставить комментарий