• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исаков «Вечерний Бишкек» редакциясынын «түз байланышына» чыккан пенсионерлер менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 28.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 27-декабрда, «Вечерний Бишкек» редакциясынын «түз байланышына» чыккан пенсионерлерден кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы СССРдин эмгек ардагери Валентина Пруценко, көзү боюнча майып Василий Зайцев, СССРдин эмгек ардагери, тестилдик фабрикада 20 жылдан ашуун эмгектенген Светлана Устиновская жана 2-топтогу майып Михаил Понамаревдор менен жолугушту.
Премьер-министр Сапар Исаков карылар менен баарлашып, аларга майрамдык белектерди тапшырып жана материалдык көмөк көрсөттү.

Белгилесек, 2017-жылдын 23-декабрында Өкмөт башчы «Вечерний Бишкек» гезитинин редакциясынын «түз байланышына» катышкан, анда эки саат бою басылманын окурмандарынын телефондон берилген суроолоруна жооп кайтарган.

«Түз байланыш» учурунда 30 ашык чалуу түшүп, алардын көпчүлүгү пенсияларды жана жөлөкпулдарды жогорулатуу, ошондой эле, Премьер-министр менен жеке жолугушуу туурасындагы өтүнүчтөр болгон.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сапар Исаков «түз байланышка» чыккан жарандар менен жеке жолугушуу тууралуу убада берген.

Пикир

Оставить комментарий