• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исаков Ысык-Көл облусунда жашаган эки үй-бүлөдөн кабар алды

Өкмөт 0

Бишкек, 12.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жашаган Жылдызкан Байтурованын үйүнө барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жылдызкан Байтурова ар түрдүү жумушта иштеген жолдошу Кененбек Абылгазиев менен үч баланы тарбиялайт. Улуу баласы Чыңгыз мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын тизмесинде туруп, ай сайын жөлөк пул алат. Ал эми үй-бүлөнүн социалдык абалы оор.

Андан соң Сапар Исаков Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Самара Акматбекованын үйүнө кабар алды.

Самара Акматбекованын 6 баласы бар. Кичүү кызы болгону эки айлык. Үй-бүлө саман кошулган кыштарды жасап сатып жан багышат, алардын тапкан каражаты үй-бүлөнү бакканга жетпей, социалдык абалы оор бойдон калууда.

Өкмөт башчы эки үй-бүлө тең материалдык жардам көрсөтүп, азык-түлүктөрдү берип колдоо сөзүн айтты. Аны менен бирге жергиликтүү бийлик органдарына Жылдызкан Байтурованын жана Самара Акматбекованын турак жай маселесин чечип, аларды жумушка орноштуруу жагын кароону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий