• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исаков Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенттери менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 28.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Өкмөт башчы студенттердин 2040-жылга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү багытындагы «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу боюнча берген суроолоруна жооп берди. Анда өлкөгө сырттан инвестиция тартуу, жумушсуздук маселесин чечүү, ЖОЖ билим алууга каражат төлөө сыяктуу маселелер талкууланды.

Суроолорго жооп берип жатып, Премьер-министр «Таза Коом» долбоорунун ишке ашырылышын жеке көзөмөлүнө ала турганын баса белгиледи.

«Аталган долбоордун ишке ашарына жүз пайыз ишенем. Анын алкагында биз «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырабыз. Ош жана Бишкек шаарларында ишке аша турган долбоордо унаа жолдордо жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу көрсөткүчү жогорулайт», — деди Сапар Исаков.

Премьер-министр долбоорду ишке ашырууга сырттан инвестиция тартылып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби боюнча ишке ашарына токтолду.

Премьер-министр кошумчалагандай, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча мамлекеттик билим берүү системасын жакшыртуу, ошондой эле орто билим берүүнү өнүктүрүү боюнча реформа жүргүзүү пландалууда.

Мындан тышкары Сапар Исаков белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө жумушсуздук эң орчундуу маселе бойдон калууда. Аны эки жол менен: айыл чарба кооперативдерин түзүү жана туризм тармагын өнүктүрүү аркылуу чечүү маселеси каралууда.

«Биздин өлкөдө калктын 60% ашыгы айыл жеринде жашайт. Кыргызстан айыл чарба мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен ишке ашыра элек деп айта кетүү керек. Мамлекет бул маселени көзөмөлгө алып, өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн өстүрүп, өлкөнүн айрым аймактарында адистештирүү үчүн шарттарды түзүү керек. Биз жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорт үчүн зарыл болгон өндүрүштү даярдап, өсүмдүктөрдүн түрлөрүн жана көлөмүн түзүшүбүз керек. Бул толугу менен, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга, техникалык жактан жакшыртууга жана бул багытта калктын катышуусун жогорулатууга жол ачат», — деди Сапар Исаков.

Премьер-министр ошондой эле Россия тарап менен газ менен жүрүүчү заманбап автобустарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканан билдирди. аны менен бирге жүргунчүлүордү ташуучу автоунааларды бирдей стандартка келтирүү керектигин да кошумчалады.

Өкмөт башчы студенттерге менен эл аралык өнөктөштөрдү тартуу боюнча да маалыматтарды айтып, заманбап долбоорлор өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды көтөрүүгү жакшы дем берерин билдирди.

Студенттер менен болгон жолугушууда Сапар Исаков ЖОЖдун жетекчилигине мугалимдердин штаттык орундарын кайрадан карап чыгууну жана университеттин материалдык-техникалык базасын жакшыртып, окуу корпустарында студенттердин билим алуусу үчүн мыкты шарттарды түзүүнү тапшырды.

Премьер-министр «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу баса белгилеп, алардын кирешелери менен ири өнөр жай технологияларын өнүктүрүү багытында заманбап новатордук компаниялар келерин жана алардын натыйжалуулугу сезилерлик болорун баса белгиледи.

Өкмөт башчы ошондой эле”Таза Коом” долбоорун ишке ашырууда миң жылдыктын өнүгүү максаттарында каралган 17 иш-чараны ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр зарыл экенин айтты. Бул программа, Кыргыз Республикасынын санариптик экономикага толугу менен өтүүсүн камсыз кылган биринчи улуттук долбоор болуп саналат.

Жыйынтыгында Премьер-министр студенттерге окуудагы ийгиликтерди каалап, аларды койгон максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн талыкпай аракеттенүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий