• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Исаков жана Булавин А.Атамбаевдин Россияга мамлекеттик сапарына даярдыктарды талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 8-июнь /Кабар/. КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча россия-кыргыз өкмөттөр аралык комиссиясынын тең төрагасы Владимир Булавин менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Президент А.Атамбаевдин күтүлүп жаткан Россия Федерациясына мамлекеттик сапарына даярдыктардын жүрүшүн талкуулашкандыгын КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ошондой эле, С.Исаков жана В.Булавин Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы эки жактуу кызматташуулардын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий