• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Исаков жана Өкмөт мүчөлөрү «Саманчынын жолу» спектаклин көрүштү

Өкмөт 0

Бишкек, 13.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков баштаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү жана административдик ведомство жетекчилери, 12-декабрда, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрындагы Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасы боюнча коюлган спектаклге барышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Иш-чара белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган.

Белгилей кетсек, Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусундагы мындай тажрыйба мындан ары улантылат. Алдыда Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрына, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрына, ошондой эле балдар музыкалык окуу жайларына баруу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий