• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Исаков: Жарандардын билимдүүлүгү – мамлекетти өнүктүрүүнүн эң негизги пайдубалы

Өкмөт 0

Бишкек, 26.03.18 /Кабар/. «Жарандардын билимдүүлүгү – мамлекетти өнүктүрүү үчүн эң негизги пайдубал», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 26-мартта, мектеп окуучулардын республикалык олимпиадасындагы жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинин жүрүшүндө.

Өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдиргендей, өкмөт башчы өз сөзүндө келечекти тандоодо аңдап-билүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле ата-энелери, мугалимдери, мектеби эле эмес, бүтүндөй мамлекеттин алдындагы чоң жоопкерчиликти эске салды.

«Бүгүн сиздердин жашооңуздардагы эң толкундануучу күндөрдүн бири. Бул жерге мектеп окуучулардын эң кыйындары келди. Мен сиздерден келечекте өзүн көрсөтө алган балдарды көрүп жатам. Балким араңарда келечектеги президент, премьер-министр, ишкерлер, жана ошондой эле, инновациялар боюнча адистер бар, анткени биз коомчулукту заманбап коммуникация каражаттары жана санариптик технологиялардын негизинде өнүктүрүүгө ниеттенип жатабыз», – деди Сапар Исаков.

Премьер-министр Сапар Исаков өзүнө ишенип, алдыга коюлган максаттарга умтулуш керектигин айтты.

«Бир нерсени унутпагыла – акчадан же бийликтен эч качан атыңды жасоого мүмкүн эмес. Адамдын жакшы аты сиздердин башкаларга, досторуңарга жана кесиптештериңерге болгон мамиледен, жасаган иштериңерге жараша калыптанат. Жакшы атты чыгаруу абдан кыйын. Күчтүү адам деген – бул кандай гана кырдаалдар болбосун өзгөрүлбөгөн бойдон калат», – деди ал.

Сапар Исаков ошондой эле мугалимдерге чоң эмгеги жана өсүп келе жаткан жаңы муун жарандарды тарбиялоодогу күч аракеттерине ыраазычылык билдирди.

«Биздин мугалимдер жашоодогу кыйынчылыктарга карабай өлкөнүн келечегине өзүнүн салымын кошуусун улантып жатышат. Бизге мугалимдердин эмгек акысын 25 пайызга көбөйтүүгө мүмкүн болду жана бул башталышы гана. Жарандардын билимдүүлүгү – мамлекетти өнүктүрүү үчүн эң керектүү пайдубалы.

Андыктан, сабак берүүнүн заманбап методикасын колдонуу менен республикабызда билим берүү тармагында өнүктүрүүнүн таасирдүү принциптери колдонулушу абдан маанилүү», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр мектеп окуучулардын республикалык олимпиадасындагы жеңүүчүлөрүнө мындан ары дагы ата-энелери сыймыктангыдай ийлигиктерге жетүүнү каалады. Анткени ата-энелери чын жүрөгү менен балдары үчүн күйөт.

Салтанаттын жыйынтыгында республикалык олимпиадада жеңүүчү орун алган 70 окуучуга диплом жана китептерди сатып алууга сертификаттар берилди.

Пикир

Оставить комментарий