• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исаков: ЖЭБдин жөнөкөй жумушчулары авария жана анын кесепети үчүн жоопко тартылышпайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкек ЖЭБдин жана энергетика тутумунун катардагы кызматкерлери авария жана анын кесепети үчүн жоопко тартылбоого тийиш. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында КР премьер-министри Сапар Исаков билдирди.

“Бул буйрук жана тапшырмаларды алып, аларды аткарган катардагы жумушчулар. Алар солдаттар сыяктуу. Генералдар жана катардагылар бар. Кеп бул тутумга жогорудан карап, ал кандай иштейт, тапшырмалар кандай берилет көрүү керектиги тууралуу болуп жатат. Эмне үчүн жаңы нускамалар же көрсөтмөлөр киргизилген эмес, мисалы ЖЭБ иши боюнча. Ал эми жөнөкөй жумушчулар тууралуу сөз болгон жок, бул менин принципиалдуу позициям”, - деп белгиледи ал.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ директору Өмүркул уулу Нурланды жана “Электр станциялары” ААКнын төрагасынын биринчи орун басары Бердибек Боркоевди кызматтан алууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий