• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Исаков ЖИА бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Өкмөт 0


Бишкек, 16.02.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 16-февралда, ЖИА бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы бизнести өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасынын алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Сапар Исаков белгилегендей, Өкмөттүн иши үч негизги багытта –калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо, ирригацияны өнүктүрүү эсебинен сугат жерлердин аянтын жогорулатуу, ошондой эле «Таза Коом» санариптик трансфорациялоо программасын ишке ашыру үчүн шартарды түзүү жаатында жүргүзүлөт.

«Аталган программаны ишке ашыруунун биринчи этабы бир жылга жетпеген мезгилде башталган. Бирок ага карабастан, азыркы тапта биз анын жыйынтыктарын баалай алабыз», - деп белгиледи Сапар Исаков. Өкмт башчы ошондой эле бизнес өлкөнү өнүктүрүүнүн экономикалык негизи экендигин жана мамлекет ишкерлер үчүн бардык шарттарды түзүүсү тийиш экендигин белгиледи.

«Мен ар дайым бизнес-коомчулук менен ачык жана ишенимдүү иш алып баруу үчүн чыгуудамын. Анткени сиздердин ишиңиздерге жараша жумушчу орундар түзүлүп, салык төлөмдөрү жогорулоодо. Сиздердин көмөгүңүздөр менен биз өлкө экономикасын диверсифицикациялообуз керек. Учурда Кыргызстан үчүн Евразиялык экономикалык биримдиктин жана Европа биримдигинин көптөгөн миллиондуу рыногу ачылды», - деди Сапар Исаков жана ишкерлерди атамекендик продукцияны сатуунун жаңы рыногун өздөштүрүүгө активдүү киришүүгө чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЖИА өкүлдөрү бизнести жүргүзүү шарттарын жакшыртуу боюнча өз пикирлерин н билдирип, ошондой эле өз ишмердүүлүгүндөгү тушугуп жаткан көйгөйлөр жана кыйынчылыктарды аташты.

Премьер-министр Сапар Исаков бардык сунуштарды карап чыгууга убада берип, аталган милдеттерди комплекстүү чечүү боюнча план иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий