• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исаков ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 20.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча парламентарийлер « Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018 -2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019 -2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактырды.

Пикир

Оставить комментарий