• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исаков «Жоготулган агартуу: Борбордук Азиянын Алтын доору Араб басып алууларынан Темирланга чейин» китебинин бетачарына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 12.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 11-декабрда Россия жана Евразия боюнча америкалык эксперт Стивен Фредерик Старрдын кыргыз тилине которулган «Жоготулган агартуу: Борбордук Азиянын Алтын доору Араб басып алууларынан Темирланга чейин» китебинин бетачарына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы иш-чаранын катышуучуларын аталган китептин кыргыз тилинде басылып чыккандыгы менен куттуктады. Сапар Исаков аткарылган иш үчүн редакторго жана китептин котормочуларынын бири – профессор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Алмаз Бейшеналиевге ыраазычылык билдирди.

Китептин автору Фредерик Старр билдиргендей, китепте жазылган жүз жылдыктар аралыгында Борбор Азия дүйнө борбору болгон, анда бул аймакта соода, өндүрүш, интелект топтолгон жана муну учурда эксперттер жана тарыхчылар гана эмес, жалпысы түшүнөт.

«Бүгүн мен «Таза Коом» программасы тууралуу сөз жүргөн конференцияга катыштым, буга байланыштуу белгилеп кетүүчү нерсе, аталган программада бардык нерсе өткөндүн алгоритмине ээ болгон принциптерге негизделген», — деди китептин автору.

Премьер-министр белгилегендей, китеп беттеринде Хорезми, Фараби, Бируни, Ибн Сина, Фирдоуси, Омар Хайям, Кашкари, Баласагын, Улугбек, Навои сыяктуу адамзатынын өнүгүүсүнө зор таасирин тийгизген көптөгөн улуу ишмерлердин басып өткөн жолдору жазылган.

«Мен алардын тукуму экендигиме сыймыктанам. Борбор Азиянын тарыхын автор үч баскычка бөлөт: биринчиси — прогрессивдүү жүз жылдыктар, экинчиси— регрессивдүү кылымдар, үчүнчүсү — биздин замандын келечеги. Сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндөгү өндүрүштүк интеграциянын мезгили келди. Жана ар-бир мамлекеттин өнүгүүсү аймактык өнүгүүдөн көз-каранды. Агартуунун нуру ың-жыңсыз кетпейт, бир кезекте орун алган жаркын замандар ал жерге сөзсүз кайтып келет. Буга Фредерик Старр абдан ишенет жана биз да ага ынанабыз», — деп бегиледи Сапар Исаков.

Маалымдама: Кыргыз тилине которулган «Жоготулган агартуу: Борбордук Азиянын Алтын доору Араб басып алууларынан Темирланга чейин» китебинде ислам дүйнөсүндөгү интеллектуалдык жана маданий салттын өнүгүү жана төмөндөө учурлары сүрөттөлөт. Автор IX–XII кк. «мусулман ренессансы» – философиянын, так илимдердин жана поэзиянын гүлдөп-өнүгүүсү учурда Борбор Азия деп аталган аймак менен тыгыз байланыштуу болгондугун далилдейт.

Пикир

Оставить комментарий