• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков жол коопсуздугу боюнча Улуу Британиянын эксперттери менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 16.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Коопсуз жана туруктуу транспорт үчүн Чыгыш Альянсы (EASST Улуу Британия) уюмунун директору Эмма МакЛеннан менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Тараптар өлкөдөгү жол коопсуздугун жогорулатуу боюнча биргелешкен күч-аракетти консолидациялоо мүмкүндүгүн талкуулашты.

Жолугушууга ошондой эле Улуу Британия Бириккен королдугунун жана Түндүк Ирландиянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд-Смит да катышты.

Өкмөт башчы «Таза Коом» санариптик трансформациялоо программасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө учурдагы маалыматты берди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө IBM консультациялык колдоосу астында Программа деталдаштырылып, анын чөйрөсү кеңейтилген, ошондой эле учурдагы долбоорлордун сапаты да жакшыртылган. «Таза Коом» алкагындагы ишмердүүлүктүн тутумдаштырылышы тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан аткарылчу иштин натыйжалуулугун жана сапатын кескин жогорулатат.

Премьер-министр ошондой эле өкүнүү менен белгилегендей, Өкмөт «Акылдуу шаар» долбоору боюнча инвесторлор менен болгон Келишимден чыгууга аргасыз болду, буга байланыштуу долбоорду мындан ары карай өз күчү менен ишке ашырууну пландаштырууда.

Улуу Британиянын Кыргызстандагы Элчиси Робин Орд-Смиттин айтымында, EASST – көзкарандысыз уюм жана дүйнөнүн 14 өлкөсүндө ийгиликтүү иш алып барууда. Аталган уюм жалпысынан жол жана жүргүнчүлөрдүнкоопсуздугу маселесине адистешкен.

EASST директору Эмма МакЛеннанбелгилегендей, жол коопсуздугу маселеси дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде актуалдуу болуп саналат. Ал маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын жетекчилиги менен аталган маселе боюнча учурдагы абалды талдоо жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жолугушуу өткөрүлгөн.

Эмма МакЛеннан өлкө Өкмөтү аталган абалды жайгаруу үчүн жетиштүү саясий эркке ээ, мунун өзү долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууда маанилүү фактор катары саналаарын баса белгиледи.

Анын пикиринде, биринчи кезекте иштин артыкчылыктарын белгилеп, Бишкек шаарындагы кооптуу саналган кесилиштерди аныктоо зарыл. Алмаалымдагандай, EASST тарабынан талдоонун жыйынтыгында «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча тийиштүү сунуштамалар берилет.

EASST директору ошондой эле уюмдун дүйнөнүн ар кыл ммлекеттериндеги жол коопсуздугун жогорулатуу боюнча эл аралык тажрыйбасы тууралуу айтып берди. Ал өлкө Өкмөтүнө аталган маселе боюнча консультативдик колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Анын айтымында, EASST консультанттары – жол коопсуздугу боюнча алдыңкы эксперттерден, ошондой эле ар кыл мамлекеттердин ички иштер органдарынын мурдагы жетекчилери болуп саналат.

Жолугушуу соңунда тараптар келечек кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен консультацияларды өткөрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий