• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков: Жол коопсуздугу системасындагы реформа алгачкы оң жыйынтыктарын бере баштады жана ал логикалык аягына чыгарылат

Өкмөт 0

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 27-мартта, жол коопсуздугу системасындагы реформалардын прогресси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Бишкек, 27.03.18 /Кабар/. Сапар Исаков жол коопсуздугу Өкмөт ишинин артыкчылыктуу багыты болуп жатканын белгиледи. Акыркы бир нече ай ичинде Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгында (ЖККББ) жол коопсуздугу системасын жакшыртууга, коррупцияны азайтууга, ошондой эле жол кырсыктарынын санын кыскартууга жана анын кесепетинде болуп жаткан адам курмандыктарын азайтууга багытталган иш чаралар өткөрүлгөн. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

«Биз жол коопсуздугуна байланыштуу абалды дыкат анализдеп, жана аны жакшыртуу боюнча чараларды көрүп жатабыз. Акыркы эки айда жол кырсыгындагы курмандыктарды өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырганда дээрлик 40% кыскарды. Ошол эле учурда аныкталган мыйзам бузуулардын саны 45% (74 миңге көбүрөөк) көбөйдү, айыппулдардан республиканын бюджетине 18 млн сомго ашык түштү, бул ведомстводогу коррупциянын кыскарышы тууралуу кабар берет. Көрсөткүчтөрдүн жакшырганына карабастан, биз жумушту улантып, абалдын начарлап кетишин болтурбоо жана реформаларды ыкчам темп менен кийиришибиз керек», - деди Сапар Исаков.

Ал ошондой эле ЖККББ кызматтык адамдары тарабынан 160 мыйзам бузуу фактысын аныктагандыгын белгиледи, бул бейтараптык жана адилеттүү иштин көрсөткүчү катары бааланат.

Андан кийин Өкмөт башчы ИИМ жетекчилигинин көңүлүн жол коопсуздугу системасында биринчи иреттеги чаралар кадрдык саясат жана ведомстводогу тартипти уюштурууга байланыштуу экендигине бурду. ЖККББнин башчысы Канат Жумагазиев Премьер-министрге жаңы кызматкерлер сынак аркылуу алына тургандыгын маалымдады. 760 кызматкер профессионалдык окуудан өтүштү. Калган кызматкерлер тест тапшырышып, 623 билими текшерүүдөн өтүп, 432кызматкер өтпөй калган.

2018-жылдын 1-январынан тартып азыркы убакка чейин ЖККББда мыйзамдуулуктун бузулушу үчүн тартиптик жоопкерчиликке 32, ал эми кызматтык тартиптин бузулушу үчүн 162 кызматкер жана анын аймактык бөлүмдөрү тартылган.

Жол кыймылынын коопсуздугун натыйжалуу түрдө камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилигинин ЖККББнде жүктөмүнө жараша бардык аймактарга бөлүштүрүлгөн кошумча штаттык бирдиктер киргизилди.

«Жарандардын коопсуздуна жооп берген кызматкерлер жумушка болгон мамилесин өзгөртүп, жарандарга жакын болуп, алардын кайрылууларына камкор реакция кылып, жана калк менен кайра байланышты кармап турушу зарыл», - деп белгиледи Сапар Исаков.

Канат Жумагазиев өзүнүн докладында ресурстардын чектелүү болгонуна карабастан Өкмөт башчынын аталган тапшырмасы аткаруу стадиясында экендигин баса белгиледи.

ЖККББнын маалыматы боюнча 2018-жылдын 1-январынан тартып ЖККББнын расмий веб-сайты ишке берилди, ошондой эле популярдуу WhatsApp мессенджеринде иш башталды. Расмий веб-сайтты жана WhatsApp тиркемеси ишке киргенден тартып 1 634 колдонуучу каттоодон өтүп, алардан 8 028 жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого байланыштуу билдирүү түшкөн.

Түшкөн фактылар боюнча жол кыймыл эрежелерин бузган жактарга тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн дароо республиканын ЖККББнын аймактык бөлүмдөрүнө көрсөтмө жөнөтүлөт.

Андан тышкары айдоочу күбөлүгүн кайра алуу мүмкүнчүлүгүн жок кылуу, ошондой эле жасалма айдоочулук күбөлүгү бар айдоочуларды аныктоо максатында ЖККББнын сайтына соттун чечими менен транспорттук каражаттарды башкаруу укугунан ажыратылган жактар тууралуу маалымат коюлат.

«Таза Коом» долбоорунун алкагында жаңы жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзаменге биометрикалык идентификацияны киргизди. Салык тестирлөөнүн жаңы электрондук системасы беттин биометиркалык параметрлеринин негизинде өтө тез идентификацияны колдонот.

Курсанттар тестирлөөдөн өтүүгө уруксаат алуу үчүн окуу жабдуусунда орнотулган веб-камера аркылуу беттин геометириясы боюнча идентификациядан өтүшү керек.

Салыштыруу автоматташтырылган режимде курсаттын паспорттогу сүрөтү боюнча жүргүзүлөт.

Кандайдыр бир дал келбестиктер аныкталса, тестирлөө токтотулуп, экзамендин жыйынтыктары жокко чыгарылат жана айдоочулук күбөлүк берилбейт.

Ошол эле учурда системада экзаменде бет сүрөтүнүн фиксациясы менен экзаменди өтүүнүн жүрүшү сакталып калат. Курсант кулап калган учурда тесттин жүрүшүн көрүп чыгып, жыйынтыктарына даттана алат.

Республикадагы экзамендерди берүү процессин Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтынан онлайн түрүндө көрүүгө болотhttps://grs.gov.kg/ru/subord/drtsvs/webcams/.

Аталган талаптар курсанттарды жол кыймыл эжелери боюнча билимин текшерүү системасын жакшыртуу жана экзаменди мыйзамсыз өтүү процедураларын жоюуга багытталган. Жыйынтыгында бул өлкөнүн жолдорундагы коопсуздук деңгээлин көтөрүш керек.

«Бул абдан маанилүү чара - жалаң эрежелерди жана айдаганды билген, даярдалган гана автосүйүүчүлөр айдоочулук күбөлүктү алгандай кылууга багытталган. Бул жол кырсыктарын кескин жана документтерди алуудагы коррупцияны азайтат. Ушул жылдын башынан бери 376 курсанттан 9 гана экзаменди тапшырып жана айдоочулук күбөлүктү алышты», - деди Сапар Исаков.

Андан кийин ЖККББ 2018-жылдын 1-мартынан КР ИИМ ЖККББнын расмий веб-тиркемеси ишке киргизилген, анда 200гө жакын колдонуучу катталган. Анын ичинде ар бир регион боюнча өз-өзүнчө бөлүмдөр бар, ага жарандар өздөрүнүн маалыматтарын жана билдирүүлөрүн жиберсе болот. Бүгүнкү күндө белгиленген тиркемеге жол кыймылынын катышуучулары тарабынан ар түрдүү жол кыймыл эрежелеринин бузулушу боюнча 100 ашык билдирүү келди.

Тыгыз контакта жол коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу социалдык тармактын (Фейсбук, Инстаграмм, Одноклассники ж.б.) катышуучулары менен байланыш жүрүп жатат. Мындай алакалардын жыйынтыгы менен 118 мыйзам бузуучу аныкталып, аларга тийиштүү чаралар көрүлдү.

Сапар Исаков Өкмөт ЖККББны материалдык-техникалык база менен камсыз кылуу, ошондой эле кызматкерлердин кызматындагы жана алардын ишиндеги натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө көңүл бураарын белгиледи.

ЖКККББнын маалыматы боюнча азыркы учурда кызматкерлерди форма кийимдери менен камсыздоо иши жүрүп, ошондой эле заманбап ылдамдыкты аныктоочу 15 «Амата» радарлары сатылып алынды. Бул ченөөчү аспап унаалардын ылдамдыгын аныктап, ылдамдык режимин бузуу фактысын фото-видеого түшүрөт.

Премьер-министр Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын «Айти Сервис» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте планшет аркылуу административдик протоколду электрондук түрдө толтуруу программасы иштелип чыкканын билдирди.

2018-жылдын 22-мартынан тарта бул система Бишкек шаарынын Октябрь районунда пилоттук тартипте ишке ашырылат.

«Таза Коом» долбоорунун алкагында иштелип чыккан программа ЖКККББ тарабынан жол эрежесин бузган жарандардын айдоочулук күбөлүгүн албоого шарт түзөт. Айдоочулук күбөлүктү алып коюу бул ведомстводогу чоң коррупция жаратуучу фактор. Планшеттердеги протоколдорду маалыматтар базасына киргизүү системасы ишке ашкандан кийин ЖКККББ кызмакерлери айдоочулук күбөлүктөрдү албастан, жол эрежени бузуу фактысын гана аныкташат», — деп түшүндүрдү Өкмөт башчы.

Анын айтымында ЖКККББ кызматкерлеринин планшеттеринде унаанын ээси, анын транспорттук каражаты, жол эрежесин бузуу фактыралы, төлөнгөн же төлөнбөгөн айыппулдары жөнүндө маалыматтар сакталат.

«Айдоочулар тарабынан жол эрежесин бузууларды фиксациялоочу автоматташтырылган система коррупцияны жоюуга көмөк көрсөтөт, ал өз кезегинде жол кырсыгын азайтууга алып келип, жол коопсуздугун жана жол инфраструктурасын жакшыртуу үчүн бюджеттин толукталышына, айдоо маданиятын жогорулатууга жана айдоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Аталган долбоор текшерүүдөн өткөн соң Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик кодексинин 556 жана 558-беренелерине өзгөртүүлөр киргизилет.

Жыйынтыгында ЖКККББ тарабынан рейдтерди жүргүзүү, профилактикалык иш-чаралар жана ошондой эле түшүндүрүү иштери боюнча маалымат берилди.

Пикир

Оставить комментарий