• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Исаков жол кырсыгынан жабыркаган 2 жашар кызды дарылоо үчүн 100 миң сом бөлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 26.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан жол кырсыгынын натыйжасында жубайы каза таап, ал эми эки жашар кызы ооруканага түшүп, дарыгерлер анын бутун ампутациялоого туура келген Жыргалбек Чотонов үчүн 100 000 сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирет.

Эскерте кетсек, Жыргалбек Чотоновдун эки жашар кызы 2018-жылдын 9-февралында Бишкек шаарынын Витебск жана Элебесов көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобустун айдоочусу коюп кеткендиктен жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий