• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Исаков Жууку капчыгайындагы бактардын кыйылышы боюнча иликтөө жүргүзүп, аны токтотуу тапшырмасын берди

Өкмөт 0

Бишкек, 05.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекетик агенттигине жана Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө ыкчам тартипте Ысык-Көл облусунун Жууку капчыгайындагы, ошондой эле башка корук аймактардагы бактардын кыйылыш фактылары тууралуу маалымат боюнча текшерүү жана комплекстүү иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы Ысык-Көл облусунун Жууку капчыгайындагы токой кыюуну токтотуп, ага мындан ары карай тыюу салууну, мындан тышкары мыйзам бузуучуларга карата катаал чараларды көрүүнү тапшырды.

Өлкөнүн укук коргоо органдарына бактарды мыйзамсыз кыюуга тийиштиги бар жактарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусундагы Жууку капчыгайы биосфералык аймак макамына ээ, анын жаратылышы өзгөчө коргоодо турат.

Пикир

Оставить комментарий