• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исаковдун өкмөтүнүн курамы жаш жана келечектүү – ЖК депутаты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.08.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Премьер-министр кызматына көрсөтүлүп жаткан Сапар Исаковдун өкмөтүнүн курамы жаш, келечектүү жана тажрыйбалуулар. “Кабар” агенттигине мындай оюу менен КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков бөлүштү.

Анын айтымына караганда, аларга жана алардын ишине азырынча өкмөт мүчөсүнүн курамы катары баа берүүгө эрте.

“Жок дегенде жарым жыл өтүшү керек. Менин оюмча алардын программасын ишке ашырса болот. Министрлер кабинетине жаштар келип жатканы албетте жакшы. Себеби дегенде улуу муундагы элитадан алыстоо учуру эбак эле келген”,- деди депутат.

“Кыргызстан” фракциясынан депутат Асылбек уулу Дамирбектин айтымына караганда, сунушталып жаткан өкмөт мүчөлөрү жаш бирок тажрыйбалуулар.

“Мисалга, мурда Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасынын орун басары кызматында иштеген Нурбек Абаскановду Мамлекеттик байланыш комитетинин башчылыгына сунуштап жатышат. Ал өзүнө жүктөлгөн жумушту так аткарат. Жаңы кадрларды алып келүүгө убакыт келди”,- дейт эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий