• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исаковдун «КРдагы биргелешкен коопсуздук жана кылмыштуулуктун алдын алуу саясаты» Улуттук конференциясындагы сөзүнө түшүндүрмө

Өкмөт 0

Бишкек, 02.03.18 /Кабар/. Премьер-министрдин «Кыргыз Республикасындагы биргелешкен коопсуздук жана кылмыштуулуктун алдын алуу саясаты» боюнча экинчи Улуттук конференциядагы милицияны полицияга кайра түзүү мүмкүндүгүн дыкаат талдоого алуу боюнча Өкмөттүн пландары тууралуу бүгүн билдирген сөзү тууралуу ЖМКлардагы жарыялоолорго байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.

Премьер-министр Сапар Исаков «милициянын» концепциясын: жазалоочу чараларга багытталган милитаристик, авторитардык органды укук коргоо органдарынын коомчулук менен тыгыз байланышуусун, ошондой эле алар үчүн сервистик кызмат көрсөтүү, анын ичинде алардын укуктарын жана эркиндигин коргоону жана жарандардын муктаждыгына жооп кайтаруу боюнча комплекстүү чараларды камсыздаган «полиция» концепциясына алмаштыруу тууралуу маалымдады. «Милиция» процесс жана статистикага, ошондой эле коомчулуктун анын ишмердүүлүгүнө минималдуу таасир кылуусуна багытталган. Ошол эле учурда «полиция» концепциясы жарандык коом жана жарандар менен кызматташтыкты түшүндүрөт.

«Укук коргоо органдары ириде ишке болгон мамилесин жана ыкмаларын өзгөртүүсү керек, алар элге жакын болуусу зарыл. Тартип сакчылары коом менен мамилени чыңдоого көмөк көрсөтүүсү тийиш. Алардын иши күч колдонууга эмес, кызмат көрсөтүүгө багытталышы керек. Кылмыштарды ачыктоого жана коомдук тартипти сактоого күчүн үрөп, калкка көмөк көрсөтүү жана кылмыштуулуктун алдын алууга басым жасалышы тийиш. Тартип сактоо органдары калктын муктаждыгын жана пикирлерин эске алуусу керек. Алардын иши калкты көзөмөлдөөгө эмес, алар менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө багытталышы тийиш».

Сапар Исаков кошумчалагандай, мамилелердин жана концепциялардын алмашуу процесси комплекстүү болуп саналат жана коомчулуктун колдоосуна муктаж.

Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча укук коргоо органдарынын иш ыкмалары жана мамилелери тыкыр талдоого алынат, ошондой эле эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жана калк менен мамилени чыңдоо аркылуу алардын келечек өнүгүү концепциясы иштелип чыгат.

Пикир

Оставить комментарий