• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаковго КР жана ӨР чек ара ведомство башчыларынын жолугушуусу тууралуу мааалымат берилди

Өкмөт 0

Бишкек, 11.04.18 /Кабар/. Кыргызстандын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-апрелде, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик чекара кызматынын төрагасы Өкмөт башчыга Өзбекстан Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары - чек ара аскерлеринин кол башчысы, генерал-майор Руслан Мирзаев менен 2018-жылдын 7-апрелинде Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарынын Мамай калктуу пунктуна жакын жайгашкан мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде орун алган чатакты талкуулоо боюнча жолугушуусунун жыйынтыктары тууралуу маалымдады. Эскертсек, Өзбекстандын чек арачылары тарабынан курал колдонулгандыгынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын 1984-жылы туулган Ф.М., аттуу жараны ок жеген.

Уларбек Шаршеев маалымдагандай, 2018-жылдын 9-апрелинде эки өлкөнүн Премьер-мирнистрлеринин макулдашуусун ишке ашыруу максатында Наманган областынын (Өзбекстан) Заркент жергесинде Өзбекстандын чек ара ведомствосунун жетекчиси менен жолугушуу өткөрүлгөн.

Ошондой эле эки өлкөнүн чек ара делегациясы мамлекеттик администрация башчылары жана чек арага жакын жайгашкан укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте Мамай (Кыргызстан) жергесинде чатак орун алган жерге барышты.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен инцидент боюнча ар тараптуу жана объективдүү иликтөө жүргүзүү үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүлдү, анын курамына эки өлкөнүн чек ара ведомство өкүлдөрү, чектеш аймактардын райондук администрация башчылары, укук коргоо органдарынын, прокуратура жана каттоо (кадастрлык) кызматтарынын өкүлдөрү кирди.

Уларбек Шаршеевдин айтымында, өзбек тарап чек ара ведомство жетекчилеринин деңгээлинде 2018-жылдын башынан берки эки чатакты обьпективдүү иликтөө боюнча тыгыз кызматташууга даярдыгын билдирди.

Биргелешкен мамлекеттик чека ара тилкелериндеги пайда болгон көйгөйлүү маселелерди коңшулук жана достук мамиледе кароо жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө ведомство жетекчилери жеке курам алдына аскер кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч туулган эки өлкө мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, Тараптардын тынч жарандарына карата ок атуучу куралдарды пайдаланууга кескин тыюу салуу боюнча конкреттүү милдеттерди койду.

Тараптар ошондой эле апрель айынын үчүнчү декадасында чек ара ведомстволорунун биргелешкен кеңейтилген кеңешмесин өткөрүүнү макулдашты, анда чек ара кызматташтыгы маселесин, анын ичинде чек ара подразделение начальниктери менен биргелешкен окуулар, Тараптардын тургундары менен жүргүзүлчү профиактикалык иш-чаралар, биргелешкен патруль графигин тактоо, ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасындагы чек арачыларлдын жүрүм-турумунун Линиясынын жаңы редакциясын бекитүү маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий