• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Исаковго тхэквондо боюнча чебердик даража, кара кур жана жетинчи дан берилди

Өкмөт 0


Бишкек, 19.02.18 /Кабар/. Премьер-министр Сапар Исаков «Тынчтык корпусунун тхэквондо боюнча Дүйнөлүк фондунун» башкы катчысы Шин Дон Юнду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, кореялык спорттук делегациянын Кыргызстанга сапары өлкөдөгү тхэквондо өнөрүнүн кеңири өнүгүүсүнөн жана жайылтылгандыгынан кабар берет.

«Тхэквондо өсүп келе жаткан муундун ден-соолугун чыңдоого, тартибин калыптандырууга жана рухий дүйнөсүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Спорттун аталган түрү ар бир мамлекеттин улуттук колоритине ырааттуу сүңгүп кете алган философия катары кабылданат. Ал дүйнөдөгү көптөгөн адамдарды бириктирет. Муну эске алуу менен Сизге аталган спорт түрүн бүтүн дүйнө жүзүнө жайылтуудагы күч-аракетиңиз үчүн ыраазычылык билдирем», - деп белгиледи Сапар Исаков.

«Тынчтык корпусунун таэквондо боюнча Дүйнөлүк фондунун» башкы катчысы Шин Дон Юн Өкмөт башчыга жолугушуусу үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү күндө Фонддун ишмердүүлүгү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи.

«Фонддун ишине волонтердук кыймылдын өкүлдөрү активдүү тартылууда. Фонддун өлкөдөгү негизги милдети тхэквондону мындан ары карай жайылтуу жана спорттун аталган түрү боюнча ар кыл деңгээлдеги таймаштардагы жеңүүчүлөрдү көбүрөөк даярдап чыгуу болуп саналат», – деди ал.

Андан тышкары Премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кубогу үчүн тхэквондо турнирдин ачылыш аземине катышты.

«Бүгүн 200 ашык өлкө тхэквондону пропагандалап жана өнүктүрүүдө. Спорт менен машыккан, анын ичинде тхэквондо менен машыккан балдарды эч качан багынбай, алдыга койгон максатыңарга кадам таштап умтула бергиле деп чакырат элем. Эч качан чечилбеген тоскоолдуктар болбойт, ар дайым күрөшүп, алдыга умтулуш керек», - деп белгиледи ал.

Премьер-министр Сапар Исаков «Жаңы доорго кырк кадам» Өкмөттүк программада спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көнүл бурулганын белгиледи.

Кыргыз Республикасында тхэквондону өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Премьер-министр Сапар Исаковго чебердик даража, кара кур жана жетинчи дан берилди

Пикир

Оставить комментарий