• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исакулов мамлекеттик ишканалардын пандемия учурунда аткарып жаткан иштери туурасында айтып берди

Коом 0

Бишкек, 15.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов брифингде мамлекеттик ишканалардын коронавируска каршы күрөшүүдө аткарып жаткан иштери туурасында айтып берди.

Анын айтымында, “Манас” эл аралык аэропортунун аймагында жайгашкан спортзалда керектүү медициналык жабдыктар менен камсыздалган 50 орундуу стационар бир жумадан кийин ачылат.

“Пандемия учурунда “Кыргызнефтегаз” ишканасы Кочкор-Ата шаарында спортзал жана өзүнүн базасында 100 орундуу стационар ачып, керектүү жабдыктар менен камсыз кылды. Жакында Кочкор-Ата шаардык ооруканасына жасалма дем алдыруучу аппараттарды жана Жалал-Абад облустук ооруканага кычкылтек концентраторлорду алып берет. Ал эми “Кыргызалтын” ишканасы аймактардан борборго келген 65 медкызматкерди тамак-аш, жатаканасы менен камсыз кылды. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишкананын алдында оорукана бар. Ал оорукана коронавирус жана пневмония менен ооругандарды кабыл алууда”, - дейт ал.

Исакулов “Айыл банк” АКК кычкылтек концентраторлорун жана коргонуучу каражаттарды сатып алып, Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп бергенин айтат.

“Ошондой эле “РСК” банкы аймактык ооруканаларга медициналык жабдууларды, жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып алууга каражат бөлүп берди. “Мегаком” компаниясы медкызматкер, мектептин мугалимдерине жана окуучуларга акысыз байланыш түздү. Аны менен бирге 50 кычкылтек концентраторду алып беришти. Дагы 60 орундуу стационар ачууга көмөктөшөт. “Кыргызтелеком” ишканасы онлайн режиминде калкка кеп-кеңеш берүү үчүн 40 телефон менен байланыш уюштурду. Штабга акысыз интернет жеткирип берди”, - деди ал.

Ал “Инфоком” мамлекеттик ишканасы борбор калаадагы Кулатов көчөсүндөгү стационарды дары-дармектер менен камсыздап жатканын айтып өттү.

“Бардык мамлекеттик ишканалап коронавирус менен күрөшүүдө өкмөткө жана калкка жардам көрсөтүүдө”, - деп белгиледи Исакулов.

Пикир

Оставить комментарий