• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исакунова: Биз маанилүү кадамга барып, БУУ Майыптардын укугу тууралуу конвенциясын ратификациялоого даярбыз

Коом 0

Бишкек, 29.08.18. /Кабар/. Кечээ, 28-августта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын БУУ Майыптардын укугу тууралуу конвенциясын ратификациялоого даярдыктын жүрүшү маселеси каралды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова өз сөзүндө токтолгондой, БУУ Майыптардын укугу тууралуу конвенциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу аркылуу 2011-жылы жактырылган.

«Ал мезгилден бери 7 жыл өттү. Биз азыр гана маанилүү кадамга барып, БУУ Майыптардын укугу тууралуу конвенциясын ратификациялоого даярбыз. Конвенцияны ратификациялаган өлкө мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясында көрсөтүлгөн бардык укуктардын сакталышына кепилдик бериши кажет. Биздин өлкөдө Конвенциянын ратификацияланышын болжолдуу түрдө 200 миңге жакын адамкүтүүдө. Ар жыл сайын мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын саны өсүп жаткандыгын эске алсак, бул – маанилүү маселе. Акыркы 2008 – 2017-жылдары, же 10 жыл ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын саны 33,7 %га жогорулаган», - деди министр.

Таалайгүл Исакунова белгилегендей, Кыргыз Республикасы аталган Конвенцияны ратификациялоого даяр.

«Дүйнөнүн 160 мамлекети бул кадамга барган. Конвенциянын ратификацияланышы мүмкүнчүлүгү чектелгенжактарга көмөк көрсөтүүнү жакшыртат. Бүгүнкү күндө Өкмөт мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды жашоо-шартына зарыл болгон муктаждыктар менен камсыздоодо сандан сапатка өтүп жаткандыгын тастыктоодо. Алсак, 2017-жылыцеребралдык шал оорусунан жабыркаган балдар үчүн 165 сапаттуу кресло-коляска сатылып алынган. Жыл сайын Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси тарабынан акысыз негизде 5 миңден ашуунадам протездик-ортопедиялык буюмдар менен, ал эми 7 миңден ашуун адам ортопедиялык бут-кийимдер менен камсыздалат», - деди ал.

Маалымдама: БУУ Майыптардын укугу тууралуу конвенциясы эл аралык келишим болуп саналат, анда мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын укугу, ошондой эле Конвенцияга мүчө-мамлекеттердин аталган уктарды камсыздоо, коргоо жана колдоого алууга карата милдеттенмелери аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий