• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исфана: Самат орто мектебинде өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Исфана шаарынын Самат айылындагы Самат орто мектебинде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу билдирүү түшөр замат №74 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, аталган дарекке барган.

Өрт өчүрүчүүлөр жеткенге чейин мектеп жетекчилиги тарабынан окуучулар эвакуацияланып, өрт чектөөгө алынган. Бактыга жараша жабыркагандар болгон жок.

Такталган маалыматка ылайык, өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан чыккан.

Пикир

Оставить комментарий