• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Исфана шаарын сел каптады. Министр абалды жеке көзөмөлүнө алды — видео

Аймак 0


Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 2-май күнү, Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Исфана шаарында катуу жаан жаап, сел жүргөн. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечки саат 18:30да Восточный көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине саат 19:00дө ӨКМдин Лейлек райондук бөлүмүнөн кызматкерлер чыгып кеткен.

"Министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасы менен Лейлек районуна министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ жөнөп кетти. ӨКМ башчысы абалды жеке көзөмөлүнө алды", - деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМдин негизги милдети болгон жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жумуштарын токтоосуз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш экендигин тиешелүү жетекчилерге эскерткен. Ал эми Кыргызгидромет сел жүрүү коркунучу тууралуу шашылыш билдирүү тараткан.

Пикир

Оставить комментарий