• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Исфана шаарында ишкерден опузалап акча талап кылган жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Баткен облусунун Исфана шаарында ишкерлерди коркутуп, акча талап кылган 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын (КМК) Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерине Исфана шаарынын базарларынын биринде иштеген ишкер кайрылган. Ишкер укук коргоо кызматкерлерине белгисиз адамдар андан "үстүнөн карап тургандыгы” үчүн 500 доллар талап кылышкандыгын айткан.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынан КР Жазык кодесинин 203-беренеси ("Опузалап талап кылуу") негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ыкчам кызматкерлер опузалап талап кылган деп шектелгендердин биринин изине түшкөн. Жакында, ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери кылмышка шектүү 300 доллар өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармашкан. Бул Баткен облусунун Исфана шаарынын тургуну М.Ч. болуп чыккан.

Мындан тышкары, көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын (МРУ) кызматкерлери, ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте ошол эле күнү Бишкек шаарында экинчи шектүүнү кармашкан. Ал Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну, 30 жаштагы М.С. болуп, ошол эле күнү ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда башка шериктерин кармоо чаралары көрүлүп, кылмышкерлердин опузалап талап кылган башка фактыларга катыштыгы текшерилүүдө.

Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий