• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исфана шаарында милиция окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Исфана шаарында милиция окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Лейлек райондук милициясынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана милициянын атайын өкүлдөрү калк арасында милициянын көчмө кабылдамасы менен үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана район аймагындагы кароосуз калган балдарды аныктоо максатында иш-чара жүргүзүштү.

Облустук милициядан кошумчалашандай, Исфана шаарындагы Исфана орто мектебинде окуучуларга укук бузуулардын алдын алуу, мектеп рэкетчилигине жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

"Лейлек район аймагында мектепке тартылбай калган 2 өспүрүмдү аныкташып, керектүү материалдар чогултулду. Ал эми кароосуз калган жаш өспүрүмдөр аныкталган жок", - деп кошумчалашты Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий