• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасы. Исфана шаарында топографиялык жумушчу топтордун кезектеги сүйлөшүүлөрү жүрдү

Коом 0

Бишкек, 09.10.21. /Кабар/. Тараптардын жетишилген макулдугуна ылайык, 2021-жылдын 5-9-октябрында Исфана шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.

Тараптар топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусун Тажикстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Пикир

Оставить комментарий