• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исфана шаарынын аэропортуна Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды

Өкмөт 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Исфана шаарынын аэропортуна Кыргыз Республикасынын белгилүү мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Бул туурасында КР премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусунун жаңы аэровокзалынын ачылыш салтанатында жарыялагандыгын, өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«Бүгүн кош майрам. Исфана шаарынын оңдоодон өткөн жаңы аэропорту ачылып, ага белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Аэровокзалдын жаңы имаратынын курулушунан жана аэродром элементтерин реконструкциялоодон соң аэропорт жарактуулук Сертификатына ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Авиацялык эрежелеринин талаптарына ылайык, пайдаланууга берилди. Бул аэропорт калкка 45 жылдан ашуун кызмат кылды. Реконструкциядан соң, ал элге дагы көптөгөн жылдар бою кызмат кылаарына ишенем», - деп белгиледи Артем Новиков.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу иш-чаранын катышуучуларын маанилүү инфраструктуралык объекттин ачылышы менен куттуктап, аэропорттун ачылышы жемиштүү иштин жыйынтыгы болуп саналаарын белгиледи.

«Мындай аэропорттордун ишинин жанданышы менен биздин өлкөнүн аба майданы бардык өлкөлөр үчүн ачык экендигин айтууга болот. Жыл сайын республикада эки миллиондон ашуун адам авиациялык тейлөөдөн колдонот жана 22 миң тонна жүк ташылат. Республиканын авиакаттамдарынын географиясы кеңейүүдө. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 31 өлкөсүнөн учуулар ишке ашырылууда, жана бул багыттагы иштер уланталат», - деп жыйынтыктады премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Андан соң Артем Новиков Исфана шаарында тургузулган Исхак Раззаковдун эстелигине гүл коюп, ошондой эле биздин доордун көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмеринин музейине барды.

Маалымдама: «Исфана» аэропорту жетимишинчи жылдары курулуп, колдонууга берилген.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин комиссиясы тарабынан «Исфана» аэродромун сертификациялоонун алкагында аэродромдун сертификациялык талаптарга шайкештигин текшерген.

Комиссия тарабынан аэродромду текшерүү учурунда кемчиликтер аныкталып, аэродромдун пайдаланууга жарактулугу боюнча сертификаты жокко чыгарылган.

2019-жылдын апрель айынан баштап, Бишкек - Исфана - Бишкек каттамындагы үзгүлтүксүз каттамдар аэродромдун пайдалануу сертификатынын жаңыланбагандыгына байланыштуу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий