• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исфана шаарынын аталышы Раззаков шаары болуп өзгөрөт. Жарлыкка президент кол койду

Президент 0

Бишкек, 25.12.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын кайра атоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, бүгүн Министрлер Кабинетинин жыйынында мамлекет башчысы Исфана шаарын Раззаков шаары деп өзгөртүү демилгесин көтөргөн.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоо, мындан ары улуттук, тарыхый каада-салттардын жана баалуулуктардын негизинде жарандарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоону жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззакович Раззаковдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, анын мамлекеттүүлүктү калыптандырууга жана өнүктүрүүгө сиңирген зор эмгегин эске алып, туулган күнүнүн 110 жылдыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жана
86-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө:

1) Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаары деп кайра атоо маселесин белгиленген тартипте карасын;

2) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жогоруда аталган мыйзам долбоорун кезексиз тартипте кароо сунушталсын.

Пикир

Оставить комментарий