• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исфанада бөтөлкөлөшүн өлтүрүүгө шектелип 49 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Баткен облусунун Исфана шаарында эркек киши бөтөлкөлөшүн өлтүргөн. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-июнь күнү болжол менен саат 16:50дө 41 жаштагы Ж.Б., 49 жаштагы Б.А. жана 41 жаштагы М.Б. аттуу жарандар спирт ичимдиктерин ичип отурган. Отуруш учурунда сөздөн талаш чыгып, Ж.Б. аттуу жаран Б.А. аттуу таанышын мууздап, окуя болгон жерден качып кеткен.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене ("Адам өлтүрүү") боюнча каттоого алынган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда кылмышка шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Пикир

Оставить комментарий