• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Иш кызуу жүрүүдө. Оштун мэри Ак-Бууранын жээгиндеги курулуш иштеринен кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ак-Буура дарыясынын эки жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу багытындагы ири долбоордун курулушунан кабар алып, жээктеги мыйзамсыз курулуштарды алуу иш аракеттерин текшерди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Шаар башчысы дарыянын эки жээгин бекемдеп, шаар тургундарынын эс алуусуна, коноктор үчүн көрүнүктүү, кооз жерге айландыруу максатында башталган долбоордун курулушу кызуу жүрүп жаткандыгын билдирди.

“2020-жылдын эң ири долбоорлорунун бири Ак-Буура болуп саналат. Биринчи этапта Бахапова көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейинки эки жарым чакырымдан болгон эки жээк бекемделет. Мындан тышкары, долбоорго тоскоолдук берген курулуштарды жылдыруу иштери кызуу жүрүп жатат. Баары мыйзам чегинде болот. Шаардыктарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында дагы көп иштер аткарылат”, - деди Сарыбашов.

Ак-Буура долбоору 2 этаптан турат. 1-этабында Бахапова көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейин оңдолсо, 2-этабында Нурматов көчөсүнөн Навои көчөсүнө чейин оңдоо иштери жүрөт.

Долбоордо дарыянын эки жээгин бекемдөө, балдар ойноочу аянтчалар, жөө жана велосипед менен жүрүүчү жолдор, жарыктандыруу, эс алуучу отургучтар, көпүрөлөр курулат.

Мындан тышкары, тазалык үчүн урналар коюлуп, велопорковкалар курулат. Дарыянын жээктерине коопсуздук үчүн тосмолор орнотулмакчы.

Пикир

Оставить комментарий