• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Иш менен камсыз кылуу кызматтары аркылуу 20,3 миң жумушсуз ишке орношту

Коом 0

Бишкек, 11-июль /Кабар/. 2017-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 80,1 миң адам кайрылган. Жалпысынан 54,4 миң адам эмгек жана ишке орноштурууга көмөктөшүү маселелери, кесиптик жана кайрадан окуу, кесип тандоо боюнча консультацияларды алышты. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен маалымдашты.

Иш менен камсыз кылуу кызматтарынын эң бир негизги милдети бул ишке орноштурууга көмөктөшүү. Отчеттук мезгилде иш менен камсыз кылуу кызматтарынын жардамы менен 20,3 миң жумушсуз ишке орноштурулган. Ал эми акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 9,7 миң адам жиберилген.

Эмгек рыногундагы жумушсуздардын атаандаштыгын жогорулатууда эмгек рыногунун талабын эске алып, белгилүү бир кесипке жумушсуздар окутууга жөнөтүлөт, иш менен камсыз кылуу кызматтарында кесиптик окутууга 3,9 миң адам жиберилген. Ишсиз жарандарды окутуу негизинен эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге өткөрүлгөн. Бул - газ электр ширеткич, чач тарач, компьютер оператору, 1С билген бухгалтер, ашпозчу, тигүүчү, бычмачы, офис-менеджер, электр монтаждоочу болгон.

Эмгек рыногунда кичи жана орто ишмердүүлүктү уюштуруу менен бирге жаңы жумуш орундарын түзүү максатында жумушсуз жарандарга чакан насыя берүү чарасы каралган. Отчеттук мезгилде 294 жумушсузга жалпы суммасы 11076,0 миң сомго облустук министрликтин чакан насыя берүү агентиктери тарабынан чакан насыя берилген. Чакан насыяны өздөштүрүүнүн негизинде жумушсуз жарандар негизинен, тигүүчү цехтерди, элдик-көркөм товарларды өндүрүүдө, коомдук тамактануу жана сатууда, турмуш тиричилик кызматтарын сунуштоодо (сервистик кызматтар) авто унааларды оңдоодо, айыл чарбада (ИММ, МММ өстүрүү, жер иштетүү) чакан ишканаларды түзүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий