• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ишекеев: Кыргыз тили — КР мамлекеттүүлүгүнүн атын тастыктаган жана затын аныктаган тил

Коом 0

Бишкек, 22.09.17 /Кабар/. Быйыл “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынышына 28 жыл толду. 1989-жылы аталган мыйзам кабыл алынып, ал эми 2009-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин Күнүн белгилөө” жөнүндө №358 Жарлыгы кабыл алынган. Бул тууралуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору жана баа жеткис байлыгы болгон мамлекеттик тилди даңазалоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Мамлекеттик тил күнүнө карата Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу жыйын өткөрдү.

Салтанаттуу иш-чаранын коноктору алгач кыргыз китептеринин көргөзмөсү менен таанышты. Көргөзмөгө “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын” алкагында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Билим берүү жана илим министрлиги жана Улуттук Илимдер академиясы тарабынан чыгарылган китептер коюлган.

Иш-чара “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 28 жылдыгына арналган даректүү тасма менен башталып, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы расмий түрдө ачты. Н.Ишекеев куттуктоо сөзүндө мындай деди: “Кыргыз тили — Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн атын тастыктаган жана затын аныктаган тил. Ар бир этнос өз эне тилин ыйык жана касиеттүү деп эсептейт, анткени ал эненин сүтү менен келет. Анда этностун өткөнүн, бүгүнкү күнүн жана келечегин синтездеген рухий потенциалы менен улуттук коду жатат. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары макамга ээ болушу көз карандысыз эгемендүү мамлекетти куруунун ишенимдүү жана чечкиндүү кадамы болгон. Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды сөзсүз, кадиксиз, күмөнсүз ишке ашыруу зарыл экендиги бүгүнкү күндө баарыбызга түшүнүктүү болуп калды.”

Андан соң сахнага КР Президентинин куттуктоосун окуу үчүн КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары М.А.Карыбева чакырылды. Кийинки кезекте Жогорку Кеңештин төрагасы Ч.А.Турсунбеков “КРда 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын” көзөмөлдөөчү топтун төрагасы катары Улуттук программага токтолуп, “Кыргызтест” системасынын мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү ролу тууралу айтып өттү. “Тилдин келечеги үчүн күрөшсөк, элибиздин, мамлекетибиздин эртеңи үчүн күрөшкөн болобуз” деп сөзүн жыйынтыктады Ч.Турсунбеков. Ошондой эле, КР Премьер-министри С.Ж.Исаков мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, мындай деди: “Доор алмашат, дүйнө өзгөрөт, бирок тил калат. Ар бир элдин эң улук, эң ыйык байлыгы - анын эне тили. Эне тили жок эл эч качан өзүнчө эл боло алган эмес. Бул жагынан биз өзүбүздүн тарыхый тагдырыбызга ыраазы болсок болот.”

Салтанаттын алкагында мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө салым кошкон инсандарга салымдары үчүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чара атайын даярдалган маданий программа менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий