• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ишекеев: Мамлекеттик тил боюнча тесттин эң жөнөкөй деңгээли 3-класстын талаптарына туура келет

Коом 0


Бишкек, 01.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Мамлекеттик тил боюнча тесттин эң жөнөкөй деңгээли мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн башкача айтканда даражасы А1 кыргыз тили боюнча үчүнчү класстын талаптарына туура келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев билдирди.

Өз кезегинде Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Калыбек Алышбаев билдиргендей, этникалык кыргыздар болбогон КРдин жарандары үчүн эң жөнөкөй талаптар түзүлгөн.

“Бизде бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди сактап алуу милдети турат. Биздин этностор аралык кастыкты козутуу максатыбыз жок. Тестирлөө гумандуу болуп саналат. Ар бири өз деңгээлин көрсөтүүсү керек, кийин ал кайсыл боштукту толуктоо керектигин билип калат”,-деди ал.

Ошондой эле Алышбаев билдиргендей, мамлекеттик тилди билүү мамкызматкерлердин кесиптик талаптарында бар.

“Эгерде тестирлөөнүн жыйынтыгында кайсыл бир мамлекеттик же муниципалдык кызматкер аны бере албай калса, анда 2018-жылдын аягына чейин кайрадан тапшырууга мүмкүнчүлүгү бар. Аны менен бирге биз кызматкерлердин даярдыгында жардам беребиз. Эгерде ошол кезде да ал мамлекеттик тилди тиешелүү деңгээлде билбесе анда анын кызматы төмөндөшү мүмкүн. Кыргыз тилинин А1 деңгээлин дагы билишпесе, анда кызматтан алуу маселеси коюлат”,-деди ал.

Белгилей кетүүчү жагдай, ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер ээлеген кызматына жараша мамлекеттик тил боюнча тест тапшырат: А1, А2, В1, В2 жана С1.

Маалымат жыйындын катышуучулары билдиргендей, жыл сайын аталган тестирлөөнүн деңгээли күчөтүлөт. Алсак, эгерде учурда А1 деңгээли үчүнчү класстын кыргыз тилине барабар болсо, 2020-жылы кыйла татаалдаштырылат.

Пикир

Оставить комментарий