• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ишенбековдун жазгы көргөзмөсү жаратылыш койнунда өттү

Маданият 0

Бишкек, 07.05.18. /Кабар/. Бишкектин жанындагы Кой-Таш районунда 5-майда жаш таланттуу сүрөтчү Айбек Ишенбековдун жазгы көргөзмөсү болду.

“Жазгы көргөзмөнүн ачылышына келгениңиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Искусство жана чыгармачыл инсандарга, жаңыдан гана баштап келе жаткан жаш сүрөтчүлөргө көргөзмө жаткандыгы мени абдан кубандырат”,-деп билдирип, сүрөтчү бул салт улана тургандыгын кошумчалады.

Ошондой эле сүрөтчү анын калеминен жаралган сүрөттөрдү сатып алган конокторго ырахматын айтып, түшкөн каражаттын бир бөлүгү Кыргызстандагы кайрымдуулук долбоорлорун колдоого жумшала тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий