• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ишенген кишилер менен гана жаңы кесипкөй өкмөттү түзөбүз - Токтогазиев

Саясат 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Бишкекте Тилек Токтогазиевдин тарапташтары аны премьер-министр кызматына сунуштап, Өкмөт үйүнө алып киришти.

"Биз жаңы убактылуу өкмөттү түзөбүз. Мен өкмөт башчы болом. Кеңеш өткөрүп, ишенген гана кишилерди чакырам. Ишенген кишилер менен гана жаңы кесипкөй өкмөттү түзөбүз. Алтынчы чакырылыштын депутаттарын эл тааныбагандыктан, биз дагы аны тааныбайбыз", - дейт Токтогазиев.

Токтогазиев жаңы шайлоо өткөрөрүн жана ага катышпай турганын кошумчалады.

"Азыркы болуп жаткан саясий кризистик мезгилде жоопкерчиликти алууга даярмын. Ушул кризистен чыгышыбыз керек. Өлкөнү стабилдештирип, таза шайлоо өткөрүү керек", - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий