• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ишеничтен кетти. Ленин райондук салык органынын бөлүм башчысы кызматтан бошотулду

Коом 0

Бишкек. 23.09.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралу КР МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, тийиштүү буйрукка мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду.

"Кызматкерди кызматтан бошотууга 2018-жылы жарандарга мыйзамсыз негизде патент берүү фактысы боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан кармалышы негиз болду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий