• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Ишеним" жана "Ынтымак" фракцияларынын биргелешкен көчмө жыйыны Ноокат районунан башталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин "Ишеним" жана "Ынтымак" парламенттик фракциясынын депутаттары Ош облусунун Ноокат районунда көчмө жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында Ноокат районундагы бир катар социалдык маселелер талкууланып, анын ичинен унаа жолдордун абалы тууралуу сөз болду. Аталган маселе боюнча жергиликтүү бийлик жетекчилери маалымат беришти.

Белгилүү болгондой, Баткен - Ош - Бишкек шаарларын туташтырган жол каттамы жараксыз абалга кептелип, айдоочуларга мүшкүл жаратып келет. Ноокат районунда төрөлүп, жолдун көйгөйүн жон териси менен сезип чоңойгон депутат Эмиль Жусупов элеттиктерди түйшөлткөн негизги маселелердин бири жолдордун абалы экенин билдирди. "Бул жол бир эле Ноокаттыктарды гана эмес, Ош-Бишкекке каттаган Баткен элине дагы кыйынчылык жаратууда. Жыл сайын транспорт министрлиги жана бир топ аткаминерлер оңдотобуз - деп убада берип, бирок убада аткарылбай келет. Ал эми шайлоочулар ушул жолдун оңдолушун чыдамсыздык менен күтүп жатышат", - деди депутат.

Ал эми жыйында маалымат берген Ноокат районунун акими Данияр Иманалиев жолду оңдоп-түзөө иштери жакынкы айларда башталаарын айтып: "Жолдун долбоору 2015- жылы Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин колдоосу менен башталган. Бүгүнкү күнү транспорт министрлиги тарабынан тиешелүү документтер даярдалды. Эл аралык талаптар боюнча 90 күндөн кийин тендер жарыяланат. Жолдун жалпы узундугу 47 чакырым, наркы 116 млн долларга мерчемделген. Анын ичинен 7 көпүрө курулат", - деди.

Жыйынтыгында эки фракциянын сунушу менен жолдун курулушун тездетүү боюнча Министрлер кабинетине протоколдук тапшырма берүү чечим кабыл алынды.

Кошумчалай кетсек, "Ишеним" жана "Ынтымак" парламенттик фракцияларынын көчмө жыйыны Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан айылдарда уланат.

Пикир

Оставить комментарий