• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

“Ишенимдүү сот” USAID-IDLO программасынын расмий жабылышы болду

Коом 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. “Ишенимдүү сот” USAID-IDLO программасынын расмий жабылышы болду, - деп маалымдайт Жогорку соттун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жабылыш аземине КР Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова, сот тутумунун, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Белгилүү болгондой, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын сот тутумун реформалоо башталып, анын негизги максаттарынын бири сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн, натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле соттордун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу болуп саналат.

Нургүл Бакирова өз сөзүндө мамлекеттик программаларды ишке ашырууда өнөктөш эл аралык уюмдар, анын ичинде “Ишенимдүү сот” USAID-IDLO программасы республиканын сот системасына баа жеткис колдоо көрсөткөндугүн белгиледи.

“USAID-IDLO программасы менен кызматташуу учурунда соттордун көз карандысыздыгын жана сот тутумуна элдин ишенимин жогорулатууга, сот тутумунун ачыктыгын камсыз кылууга, жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, судьялардын жана соттордун потенциалын чыңдоого багытталган долбоорлор ишке ашырылды. Соттордун ачыктыгын жана жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун эң маанилүү фактору, албетте, ата мекендик сот өндүрүшүн өнүктүрүүнүн сапаттык жаңы баскычына айланган сот системасын санариптештирүү болуп саналат. Бул багытта дагы аталган уюм колдоо көрсөттү”, - деп белгиледи төрайым Бакирова.

2016-жылдан 2020-жылга чейин аталган программанын колдоосу астында 1000ден ашуун судьялар жана сот системасынын кызматкерлери квалификациясын жогорулатуу жана ар кандай тематикалык программалар боюнча окуудан өтүшкөн.

Ошондой эле USAID-IDILO программасы Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен биргеликте быйыл пилоттук насаатчылык долбоорун өткөрдү. Республиканын 7 сотунда квалификациялуу судьялардан, ошондой эле экс-судьялардан турган 26 насаатчы дайындалган.

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова USAID-IDILO программасына Кыргыз Республикасынын мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөнүн жана өнүктүрүүнүн пайдасы үчүн жемиштүү эки тараптуу кызматташтыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий