• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ишкана, уюмдардын кызматкерлерин ташууга уруксат алуу процедурасы жөнөкөйлөштүрүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. «Түндук» платформасында электрондук өткөрмө алуунун жаңы формасы ишке берилди. Бишкек шаардык коменданты Алмаз Орозалиевдин буйругуна ылайык, эми уруксат алуу үчүн билдирменин формасын толтуруу керек, анда ким жана кандай максатта уруксаат алууну каалагандыгы көрсөтүлөт.

Уруксат алган соң, төмөнкү документтерди көрсөтүү менен блокпосттордон өтүүгө болот:

- иштеген жеринен алынган маалымдама;

- жол баракчасы, анда кызматкерлердин тизими жана толук маалыматы көрсөтүлөт;

- QR-код.

Уруксат алуу үчүн билдирменин жана жол баракчасынын бекитилген формасы менен www.1312.tunduk.kg шилтемеси боюнча таанышууга болот.

Аталган чечим Бишкек шаарындагы өндүрүштүк ишмердүүлүктү үзгүлтүксүз ишке ашыруу жана азык-түлүк, медикаменттер жана күйүүчү-майлоочу материалдар менен өз мөөнөтүндө камсыздоо максатында кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий