• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте Пробация кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Бишкектин Октябрь райондук акимиатында Пробация кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө акимчиликтин администрациясы Пробация мыйзамын ишке ашырууга активдүү катышкандыктары үчүн, кардарларды кайра коомдоштурууга жана социалдык адаптациялоого жигердүү катышкандыгы үчүн кеңеш мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди.

Пробация кардарларына жардам көрсөтүү маселеси бүгүнкү күндө жалпы коом үчүн абдан актуалдуу жана маанилүү, алар бардык тармактарда жардамга жана колдоого муктаж.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маселелер каралды жана талкууланды, алар боюнча 3 пробациялык кардарга жоголгон документтерди калыбына келтирүүдө жардам көрсөтүү боюнча чечимдер кабыл алынды, 2 кардар акысыз кыска мөөнөттүү курстарга жөнөтүлдү.

Турмуштук оор абалда турган жана 2- жана 3-топтогу майып болгон эки пробация кардарына бир жолку материалдык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Октябрь районунун тиешелүү аймактык органдарына кабыл алынган чечимдерди өз убагында аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.

Жолугушуулар "Пробация жөнүндө" КР мыйзамын жана "Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясында Пробация кеңешинин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйругун ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий