• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ишкер айым Кадамжай райондук ооруканасына жаңы тез жардам унаасын белек кылды

Аймак 0

Ош, 19.02.20. /Кабар/. Жергиликтүү ишкер, меценат Бурул Кушбек күн мурун Баткен облусуна караштуу Кадамдай райондук аймактык ооруканасына жеке каражатынан заманбап үлгүдөгү реанимобиль автоунаасын белек кылган.

Тез жардам унаасы аталган ооруканага абдан керек болгондугу айтылат, эми Кадамжайдын тургундарына алгачкы медициналык жардам көрсөтүү жагы дагы да болсо жакшырмакчы.

Маалыматка ылайык, мурда ишкер айымдын жолдошу Расул Айдаров Ноокат райондук ооруканасына тез жардам унаасын белек кылган.

Оорукананын жалпы жамааты Бурул Кушбекке көрсөтүлгөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген.

Пикир

Оставить комментарий