• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ишкер Лейлек районундагы ооруканага 15 миң долларга бааланган тез жардам унаасын белек кылды

Аймак 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Күн мурун Баткен облусунун ишкери Исмаил Жороев Лейлек районунун үй-бүлөлүк медицина борборуна 15 миң долларга бааланган тез жардам унаасын белек кылды. Бул тууралуу Баткен облусунун аймактык башкаруусунан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, иш-чарага Лейлек районунун акими, үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери катышты. Лейлек районунун акими ишкерге көрсөтүлүп жаткан жардамдары үчүн ыраазычылык билдирди.

Исмаил Жороев 2015-жылдан тарат түркүн жардамдарды көрсөтүп келет. Буга чейин Ай-Көл айылында тургундар үчүн курулуп жаткан имаратка деп 8 миллион сом бөлгөн, Исфана шаары жана Голбо айылындагы бала бакчанын курулушуна 230 миң жана 37 миң сом берген, Лейлей райондук сотунун имаратына 600 миң сом бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий