• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ишкер Саймаитини атып кетти делгендер кармалды. Арасында кыргызстандыктар бар – Түркия ММКсы

Коом 0


Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Түркиянын Адана шаарында полиция кызматкерлери, кытай жараны, ишкер Айеркен Саймаитини атып кетти деген шек менен үч адамды кармады. Алар өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган.

Түркиянын haberler.com сайты жазгандай, полиция кызматы Кыргызсандын эки жаранын – Хусейин Ахметалиев менен Абдулла Энверди жана Сириянын жараны Али Исбехти кармашкан.

Алгачкы сурактан белгилүү болгондой, шектүүлөр менен киши колдуу болгон ишкердин ортосунда Кыргызстанда акча маселеси боюнча чыр-чатагы болгон. Полиция шектүүлөрдү Стамбулга алып келүүдө.

Эскерте кетсек, 10-ноябрь күнү Стамбулда бизнесмен Айеркен Саймаити киши колдуу болгон. Ал ишкердин аты "Азаттык" радиосунун журналисттеринин иликтөөсүндө айтылып, ири акча каражатын сыртка чыгарууда Саймаитинин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов менен байланышы бар болушу мүмкүн экендиги сөз болот.

Пикир

Оставить комментарий