• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ишкер Воробьев Бабановго коррупцияга каршы күрөштүн алкагында “Азамат” рыногун кайтарып берүүнү сунуштады

Коом 0

Бишкек, 27.09.17. /Мирлан Киизбаев – Кабар/. Ишкер Воробьев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго коррупцияга каршы күрөштүн алкагында Военно-Антоновка айылында жайгашкан “Азамат” рыногун кайтарып берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ишкер Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

“Акаевдин учурунда менден рейдердик басып алуунун натыйжасында орой түрдө тартып алышкан. 1999-жылы 2-июнда мени кылмышка буйрутма айыптоо менен абакка камап салышкан. Чыныгы себеби мен парламенттин жыйынында Акаевдин үчүнчү мөөнөтүнө каршы чыкканым болгон”, - деп билдирди Воробьев.

Ишкер авторынокту 90-жылдары нөлдөн баштап түзгөнүн айтты. Бирок 1999-жылы Воробьев камакта отурганда “Подворье Воробьев” авторыногу тартып алынып “Азамат” деп аты өзгөртүлгөн. Андан соң “RIOM авто” болуп Өмүрбек Бабановдун менчигине өткөн.

Буга байланыштуу ал президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдон кадыр-баркын тазалап, мыйзамдуу ээси катары ага авторынокту кайтарып берүүсүн сунуштады.

“Мен бир гана атына шек келтирип же каралоого түрткү болуучу күнөөлөрү жок бедели таза адамдардын келишин каалайм. Мен бул жеке менчикти өзүмө кайтарууга толук укуктуумун. Мен Өмүрбек Токтогуловичке өз абийирин тазалап, шайлоого таза ар-намысы менен барууну сунуштайм”, -деп билдирди Воробьев.

Анын айтымында, Бабановго бул объектти ээсине кайтарып берүүгө бир жума жетиштүү. Ошол эле учурда ишкер өткөн 10 жылдагы авторыноктун кирешесин алууну каалабайт.

“Мындай шартта мен сиз жана сиздин туугандар дээрлик 10 жыл бою колдонгон киреше үчүн компенсациядан баш тартууга даярмын. Болгону, мен бул объектти мамлекетке салык боюнча карызы жок алгым келет”, - деди ишкер.

Ал бул объекттин мыйзамдуу ээси экенин белгилеп, ага таандыгын күбөлөндүргөн бардык документтери бар экенин жана бир жума ичинде кайтарылбаса, сотко берерин билдирди.

“Мен юридикалык жактан ээси болуп саналам, анткени мен аны саткан же белек кылган эмесмин. Ошентип, мен президенттикке талапкерге туура эмес түрдө анын ээлиги болуп калган авторынокту мага кайтарып берүүнү сурайм. Ал коррупция менен күрөшүүнү убада кылууда. Мына ушул күрөштүн алкагында мен нөлдөн баштап түзгөн авторынокту мага кайтарып берсин”,- деп жыйынтыктады Воробьев.

Пикир

Оставить комментарий