• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ишкер Ысык-Көл облустук ооруканасына реанимациялык унаа белек кылды

Аймак 0

Бишкек, 25.01.18. /Кабар/. Ишкер жана меценат Мирлан Исагалиев Ысык-Көл облустук ооруканасына кайтарымсыз негизде заманбап “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү реанимациялык унаа белек кылды.

Тапшыруу аземи бүгүн, 25-январда Каракол шаарында болуп өттү.

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Узарбек Жылкыбаев облус активинин атынан ишкерге ыраазычылык билдирди.

“Облус тургундарынын жана жеке өзүмдүн атымдан адамдардын өмүрүн сактап калууга кошкон салым үчүн ыраазычылык билдирем. Реанимациялык унаа жана Балыкчыдагы гемодиализ Борбору биз үчүн баа жеткис белек экендигин баса белгилеп кетким келет”,-деп билдирди өкүл.

Пикир

Оставить комментарий