• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ишкерди коркутуп, 10 миң доллар талап кылган чет элдик жаран кармалды – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Опузалап 3 миң АКШ долларын алып жаткан чет элдик жаран кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетит (УКМК).

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 15-февралында УКМК кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө акча каражатын алып жаткан учурунда КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны А.Ю., колго түшкөн.

Белгилүү болгондой, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондугун айтып, опузалап, ишкерден 10 миң АКШ долларын талап кылган.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

2019-жылдын 16-февралында Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан А.Ю. баш коргоо чарасы каралып, эки айга камалган.

Учурда ыкчам-тергөө иш чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий