• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ишкердик субъекттерди каржылоо: Нарын облусунда ишкерлерге 42 млн сом берилген

Аймак 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. "Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасынын алкагында Нарын облусунда ишкерлерге 42 млн сом берилди. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Семетей Черикбаев билдирди.

Анын айтымында, "Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасынын алкагында Нарын облусу үчүн 10 банкка 112 млн сом бөлүнгөн.

"Бүгүнкү күнү элге 42 млн сом насыя берилди. Анын ичинен эң чоң сумма 5,2 млн сом болду", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий