• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасынын алкагында ишкерлерге 2,5 млрд сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 03.10.20. /Кабар/. "Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасынын алкагында 1-октябрга карата 1 миң 981 ишкерге 2 млрд 533 млн 82 миң сом насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет.

Каржы министрлиги тарабынан аталган программанын алкагында ишкерлерге насыя берүү үчүн 13 коммерциялык банкка 3 млрд 794 млн 40 миң сом берилген. Учурда 1 миң 981 ишкер 2 млрд 533 млн 82 миң сом насыя алган.

Аймактар боюнча:

- Бишкек шаарында 118 ишкерге 617 млн 933 миң сом;

- Ош шаарында 44 ишкерге 128 млн 20 миң сом;

- Чүй облусунда 398 ишкерге 429 млн 290 миң сом;

- Ош облусунда 265 ишкерге 212 млн 849 миң сом;

- Ысык-Көл облусунда 274 ишкерге 298 млн 835 миң сом;

- Нарын облусунда 172 ишкерге 179 млн 145 миң сом;

- Жалал-Абад облусунда 417 ишкерге 342 млн 473 миң сом;

- Талас облусунда 157 ишкерге 219 млн 170 миң сом;

- Баткен облусунда 136 ишкерге 105 млн 367 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий