• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасына бюджеттен 2 млрд 495 млн сом бөлүнгөн - Боронов

Экономика 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. "Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасына республикалык бюджеттен 2 млрд 495 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"9-июнда атайын токтом менен "Ишкердик субъекттерди каржылоо" прогрммасы бекитилген. 24-августка карата респбуликалык бюджеттен бизнеске жеңилдетилген насыя берүү үчүн 2 млрд 495 млн сом банктарга бөлүнүп берилди", - деди ал.

Анын айтымында насыялар төмөнкү багыттарга берилет:

1) Негизги каражаттарды сатып алуу, жаңыртуу, кеңейтүү жана модернизациялоого - 1 субъектке 30 млн сомго чейин, 6%дык үстөк менен 5 жылга. Мындан мурда алган насыялары боюнча пандемияга байланыштуу карыз болуп калган бөлүгүнүн 50%ын кайра каржылоого (рефинансирование) уруксат берилиди;

2) Чийки зат, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуу үчүн - 1 субъектке 20 млн сомго чейин, 10%дык үстөк менен 3 жылга. Карызды жабууга 50%дан ашпаган өлчөмүн төлөөгө, ошондой эле айлык акыларды төлөп берүүгө уруксат берилет;

3) Салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнүн компоненттерин колдонгон бардык ишкерлерге - 1 субъектке 10 млн сомго чейин, 4%дык үстөк менен 3 жылга;

4) Тоо-кен өнөр жайынан тышкары, өнөр жай жана иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканалардын насыяларын кайра каржылоо - 1 субъектке 20 млн сомго чейин, 11%дык үстөк менен 3 жылга;

5) Күрөөсүз негиздеги чакан насыялоо - 1 субъектке 150 млн сомго чейин, 14%дык үстөк менен 1 жылга;

Ал билдиргендей, учурда бул программа боюнча 10 коммерциялык иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий