• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ишкердик субъекттерине карата банкроттук процессин демилгелөө токтотулду

Экономика 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департаменти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлкеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ишкердик субъекттерине карата банкроттук процессин демилгелөөнү 2021-жылдын 1-январына чейин токтотту. Тиешелүү чечимге Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Документ COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жана пандемия мене күрөшүүнүн алкагында чарбалык ишмердүүлүктү чектөө боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чараларга түз жана кыйыр түрдө байланышкан жагдайлардан улам төлөөгө жөндөмсүздүктүн белгилери пайда болгон ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Бүгүнкү күнү пандемия менен күрөшүү чараларынын эл аралык масштабы, ошондой эле COVID-19 вирусунун кирүүсүнө жана жайылуусуна жол бербөөнүн алкагында өлкө ичинде чарбалык ишмердүүлүктү чектөө боюнча бир катар чаралар көптөгөн ата мекендик коммерциялык уюмдардын жана жеке ишкерлердин экономикалык активдүүлүгүнө терс таасир тийгизүүдө. Кырдаалды турукташтыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишкердик субъекттерин колдоо боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдерин киргизүүнүн жыйынтыгында топтолгон салыктык жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздардын суммасын төлөөгө мөөнөтүн узартуулар жана бөлүп төлөө каралууда.

Пикир

Оставить комментарий